Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Иранда камалган америкалык эки турист жакында бошотулушу мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн алардын адвокаты билдирди. Массуд Шафи: “Жош Фаттал менен Шейн Бауэр эки жылдан бери түрмөдө отурушат. Сот муну жетиштүү жаза деп табат го деген үммүттөмүн”, - деди ISNA маалымат агенттигине. Ал экөөнүн соту эртең улантылышы керек.
2009-жылы июлда америкалык үч турист Ирандын Ирак менен чектеш жеринде кармалып, тыңчылык үчүн айыпталышкан. Кийинчерээк алардын бири Сара Шурд күрөө акча менен бошотулду. Алар өздөрү тыңчылык боюнча айыптарды четке кагып келатышат.

XS
SM
MD
LG