Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Сузактын айрым айылдарында сел жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ кечке жуук жааган катуу жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айрым айылдарда сел жүрдү. Алдын ала маалымат боюнча, Атабеков айыл округунун Кара-Жыгач айылынан 30 турак үйдүн тамаркаларына сел суулары кирген. Барпы айыл округунун Чөкө-Дөбө, Жаны-Айыл, жана Таштак айылдарында 60 кожолуктун тамаркаларын, короо-сарайларын сел суулары каптаган. Чокмор-Комсомол унаа жолундагы ички чарбалык көпүрө авариялык абалга келген. Окуя болгон жерде тазалоо иштери башталып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук ыкчам тобу келтирилген чыгымды тактап жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG