Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Иранда баңги аткезчилиги үчүн айыпталган киши дарга асылды


Өлкөдө кезектеги өлүм жазасы түштүктөгү Минаб шаарында аткарылганын “Кайхан” деген гезит жазды. Бирок гезит ишембиде өлтүрүлгөн адамдын атын атаган жок. Ошентип, быйыл жыл башынан бери Иранда 173 адам өлүм жазасы менен өлтүрүлдү. Былтыр жыл ичинде 179 кишини дарга асышканы айтылган болчу. Бирок адам укугун коргоочулар чыныгы санды бийликтер айтпай жатышканын, өлүм жазасы менен жан таслим кылынгандардын саны алда канча көп экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG