Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Акыйкатчыны президентке жолотпой коюшту


Акыйкатчы Турсунбек Акун УКМК кызматкерлери 31-июлда Ысык-Көлдөгү ат майданда президент Роза Отунбаева менен жолугушууга уруксат бербей койгонун айтып чыкты. Турсунбек Акун бүгүн ММКга тараткан билдирүүсүндө Ысык-Көл облусундагы адам укуктары жана сөз эркиндигине байланыштуу маселелер боюнча ошол күнү президент менен жолугушууну каалаганын айтат.

Ал эми президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Роза Отунбаева эс алуу мөөнөтү аяктагандан кийин Турсунбек Акунду кабыл алууга даяр экендигин маалымдады. Отунбаева 27-июлдан тарта 2-августка чейин кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG