Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Египетте мурдагы президенттин соту башталды


Өлкөнү 30 жылдай башкарган Хосни Мубарак "коррупцияга аралашкан" жана "февралдагы элдик толкундоолор учурунда демонстранттарды өлтүрүүгө буйрук берген" деп айыпталууда. 83 жаштагы Мубарак сот кеңсесине сыркоолорду сүйрөөчү замбил менен алынып келинди.

Сот борбор Каирдин чет жакасында полиция окуу жайынын имаратында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары алдында ачылды. Сот залы ичинде Мубарактын жактоочулары менен каршылаштары кагылыша кетишти. Соттун жүрүшү мамлекеттик сыналгыдан түз көрсөтүлүүдө.

Мурдагы президент эки уулу, мурдагы ички иштер министри, полициянын мурдагы жогорку даражалуу офицерлеринин алтоосу менен бирге соттолуп жатат. Хосни Мубарак эгер сот тарабынан демонстранттарды өлтүрүүгө тиешеси бар деп табылса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Быйыл февралда аны кызматтан чегинүүгө мажбурлаган элдик толкундоолор учурунда 850 демонстранттын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG