Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Балдар порно сүрөттөрүн тараткан 43 киши кармалды


Балдардын порно сүрөттөрүн тараткандыгы үчүн АКШда 72 киши айыпталууда. Бул тууралуу Коопсуздук жана Юстиция министрлери билдиришти. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда педофилдер клубундагылар 12 жаштагы жана андан кичүү балдар менен чоңдор жыныстык катнаш жасап жаткан сүрөттөрдүн түрлөрүн өздөрүнүн жашыруун интернет сайты аркылуу алмашып турушкан. Юстиция министри Эрик Холдердин маалымат жыйынында билдиргенине караганда сүрөттөрдө наристелер да болгон. Бир жарым жылдан ашык иликтөөнүн негизинде айыпталып жаткан 72 кишинин 43ү АКШ, Канада, Франция, Германия, Венгрия өңдүү мамлекеттерде кармалды.

XS
SM
MD
LG