Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

АКШ президенти Барак Обама 50гө чыкты


АКШнын президенти Барак Обама бүгүн 50 жашка чыкты.
Чикагодо келерки жылдагы президенттик шайлоого акча топтоо акцияларына катышып жүргөн президент өлкөнүн карыз чеги боюнча республикачылар менен соңку тирешке, бийликтеги эки жарым жыл ичиндеги дагы башка кыйынчылыктарга токтолду:

- Экономикада жасай турган иш көп. Мындан ары өзүбүзгө өзүбүз канжар сайгандай зыянды кайра кайталабайбыз деп ишенем. Бизде мындай ички кармашка убакыт жок. Иш көп.

АКШнын президентин 50 жылдык мааракеси менен биринчилерден болуп Орусиянын президенти Дмитрий Медведев телефондон куттуктады. Обама туулган күнүн бүгүн Ак Үйдө үй-бүлөсү, достору менен белгилемекчи.

XS
SM
MD
LG