Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

“Ата Мекен” партиясы курултайга жекшемби күнү чогулат


Партиянын саясий кеңеш мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, анда партиянын төрагасы аткарылган иштер тууралуу маалымат берет. Андан тышкары “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңешке шайланган депутаттар аймактарды кыдыруу иштеринин жыйынтыктары менен тааныштырышат.

Негизги маселе күзүндө өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү болот. Жоомарт Сапарбаев азырынча шайлоого канча талапкер көрсөтүлөрүн, алар кимдер болору аныктала электигин кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясы өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 5% добушуна жетишип, парламенттеги 18 орунга ээ болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG