Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Судьялыкка талапкерлер боюнча дооматтарды кабыл алуу органы ачылды


Жарандык коом өкүлдөрү Конституциялык палата жана Жогорку Сот судьялыгына талапкерлер боюнча доомат арыздарын 15-августка дейре кабыл алууну улантат. Бул үчүн Сот түзүмдөрүн көзөмөлдөөчү кеңеш коомдук кабылдама ачты.

Кабылдама Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндөгү 230-үйдө жайгашкан. 34-37-30 телефон номуру боюнча түшкөн бардык арыздар жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан талданып, андан соң президент жана Жогорку Кеңешке жолдонот.

Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында Коомдук анализ институтунун өкүлү Рита Карасартова билдирди.

Жогорку Сот судьялыгына бош 6 орун боюнча талапкерлер арасында сынак 15-августтан кийин жарыяланат. (EK)

XS
SM
MD
LG