Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Акмат Бакиев 7 жылга эркинен ажыратылды


Бүгүн Аскер сотунда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевге байланыштуу сот иши соңуна чыкты.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиевдин маалыматына ылайык, сот чечими менен Акмат Бакиев 166, 229, 234, 241-беренелер боюнча айыптуу деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

Мамлекеттик айыптоочу Акмат Бакиевди 18 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Бакиевдин адвокаты Анарбек Жакыпов сот чечимине макул болбой, 10 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз жолдой турганын билдирди.

8 айга созулган соттук териштирүү маалында Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG