Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Асад: армия оппозициячыл шаарларга чабуулун улантат


Сириянын президенти Башар ал-Ассад демонстранттарды "бандиттер" деп айыптап, өкмөт "өз жарандарынын коопсуздугун жана өмүрүн сактоого милдеттүү" экенин билдирди.

Бүгүн таң заарынан өкмөттүк аскерлер демонстрациялар өтүп жаткан эки шаарга чабуул жасаганда укук коргоочулар аз дегенде 47 кишинин өмүрү кыйылганын билдиришүүдө.

Өлкөнүн чыгышындагы Деир ел-Зоур жана Хом шаарларына армия 200 чакты танк менен чабуул жасады. Өлкөнүн борборундагы Хама шаарында да аскердик операция улантууда. Апта соңунда Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун Башар ал-Ассадды карапайым жарандарга каршы куралдуу күч колдонушун токтотууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG