Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

"Сотторду тазалоо" кыймылы президентке кайрылуу жолдойт


Аталган кыймыл өткөн аптада Конституциялык палатанын жана Жогорку Соттун судьяларын тандаган Сотторду тандоо кеңешине ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө. Бул кыймылдын мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, андан кийин Сотторду тандоо кеңешинин чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү жазылган кайрылууну президентке тапшыруу үчүн Ак үйгө барышат.

Кыймылдын убактылуу төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Сотторду тандоо кеңешинин ишине нааразылык билдирген акция 15-августта Жогорку Кеңештин алдында өтөт.

Өткөн аптада Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага жана Жогорку Сотко судьяларды тандаган. Аталган кеңештин иши ачык-айкын болбой жатканын жарандык коом өкүлдөрү да билдирип, атайын нааразылык иш-чараларын уюштурушканы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG