“ЭрК” партиясы президенттикке талапкер катары партиянын ардактуу төрагасы, бирок парламент депутаттыгына “Ар-намыс” партиясынан шайланган Турсунбай Бакир уулун тандады. Мындай чечим партиянын өткөн ишемби күнкү курултайында кабыл алынганын “Азаттыкка” Турсунбай Бакир уулу өзү билдирди. Анын айтымында, партия бүгүн же эртең БШКга расмий түрдө талапкерди көрсөтмөкчү.
“ЭрК” – Кыргызстандын эң алгач катталган саясий партиясы. Партиянын түзүлгөнүнө быйыл 20 жыл толууда.
30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 15-август күнү кечинде аяктайт. (KKs)