Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Грузин-орус согушу башталганына үч жыл толду


Түштүк Осетиянын ордо калаасы Цхинвалдагы чиркөөнүн алдындагы аянтта жекшемби күнү кечинде 2008-жылы августтун жетисинен сегизине караган түнү башталган согушта набыт болгондорду эскерүү иш-чарасына миңдеген киши чогулду.

2008-жылы 8-августка караган түнү грузин күчтөрү жикчил Түштүк Осетиянын Цхинвал шаарын жана анын айланасын замбиректен аткылаган. Орус аскерлери Түштүк Осетияга киргизилип, учактары Грузиянын ички аймактарына чабуул баштаган. Бир аптага жетпей грузин күчтөрү сүрүлүп чыгарылган. Августтун аягында Москва Түштүк Осетия менен дагы бир жикчил жумурият Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган.

XS
SM
MD
LG