Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Чоң-Алайда кытай унааларын өткөрбөй жатышат


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын жыйырма чакты тургуну алты күндөн бери Кытайдан келе жаткан оор жүк ташуучу машинелерди Кыргызстанга өткөрбөй жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдын тургуну Нурбек Тагаев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар аймактагы эки алтын кенин Asia Gold Enterprise жана “Кайди” аттуу кытайлык ишканалардын иштеткенине нааразы болуп, кендерди иштетүү менен өрөөндүн экологиясы бузузулуп жатканын айтышууда.

Нааразылыкка чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алтын кендери зыянсыз экенин билдирүүдө.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, Asia Gold Enterprise ишканасы Чоң-Алайдагы алтын, күмүш, жез чыккан Айдарбек кенин, “Кайди” ишканасы болсо алтын, жез, цинк чыккан Караүтөк кендерин иштетип келишет. Бул эки компания тең өкмөттүн лицензиясы менен иштегени кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG