Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:57

Биржаларда акциялардын баасы өсө баштады


Азия, АКШ, Европанын биржаларында акциялардын баасы кайрадан көтөрүлө баштады. Бүгүн эртең мененки соодада Азия өлкөлөрүндө, атап айтканда Жапонияда, Түштүк Кореяда, Австралияда биржалык индекстер көтөрүлдү. Мунун алдында кечээ карыз кризиси боюнча кооптонуулар күч экендигине карабай, АКШ менен Европада да акциялардын баасы жогорулаган.

Америкада негизги биржалык индекстердин бири Доу Жонс төрт пайызга көтөрүлдү. Индекстердин жогорулоосу Лондон жана Париж биржаларында да орун алды. Акциялардын баасы кайра көтөрүлөр алдында АКШнын Улуттук банкы - Федералдык резерв кредиттер боюнча үстөгүн бери дегенде 2013-жылдын ортосуна чейин чейрек пайыздан ашырбай турганын билдирген эле.

Баалуу кагаздар базарында акциялар Standart and Poors агенттиги АКШнын кредиттик рейтингин төмөндөтүп, дүйнөлүк экономиканын келечегине тынчыздануулар күчөгөнүнөн улам 8-августта кескин арзандап кеткен.

XS
SM
MD
LG