Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Британияда башаламандыктар токтогон жок


Маалыматтарга караганда, өлкөнүн үчүнчү ири шаары Манчестерде жаштардын бандиттик тобу дүкөндөрдү тоноп, полиция менен кагылышып, өрт коюшкан. 9-август күнү кечинде башаламандыктар Ливерпулда, Ноттингемде, Вест-Бромвичте, дагы башка жерлерде болгону кабарланды. “Ассошейтед пресстин” маалыматына караганда, полиция тополоң башталган ишембиден бери өлкө боюнча 1100дөй кишини камакка алган.

Борбор Лондондо башаламандыктын, талап-тоноонун, өрт коюулардын төртүнчү күнгө уланышына жол бербөө үчүн 16 миңдей полиция кызматкерлери жайгаштырылган эле. Кабарларга караганда жалпысынан шейшембинин түнү Лондон тынч болду. Соңку окуялардан улам Англия менен Нидерланддын шейшембинин кечине белгиленген футболдук мелдеши токтотулду.

Премьер-министр Дэвид Камерон башаламандыктарга каршы чара көрүү үчүн парламентти жайкы каникулдан чакырды жана тополоңчулар жеңилерин убада кылды. Башаламандыктар өткөн ишембиде Лондондун Тоттенхэм районунда полициянын огунан жергиликтүү тургун мерт болгонуна байланыштуу чыккан нааразылык акцияларынын артынан башталган.

XS
SM
MD
LG