Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

11-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 11-августта Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29, Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 5…10 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG