Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Дмитрий Медведев менен Виктор Януковичтин бул жолку кездешүүсүндө орус-украин алакасына байланыштуу бир катар маселер, анын ичинде экономика жана энергетика жаатындагы кызматташтык, Орусиянын Кара деңиз флотунун Украина аймагында туруусунун келечеги талкууланат.
Мындан сырткары Украинанын Орусия, Казакстан, Беларустун Бажы союзу менен кызматташтыгы да каралары күтүлүүдө. Былтыр Орусия менен Украина ортосундагы сооданын көлөмү 42 миллиард долларга жеткен. Украин президенти Виктор Януковичтин жакындагы сөздөрүнө караганда, Орусия анын өлкөсү үчүн “стратегиялык өнөктөш” бойдон калып жатат.