Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

АКШ президенти ооз ачырды


Ак үйдөгү ооз ачыруу жөрөлгөсүнө келгендер арасында дипломаттар, администрациянын өкүлдөрү, мыйзамгерлер болду. Өз сөзүндө ал 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда учактар каракталганда каза тапкан 3000 кишинин арасында теги ар түрдүү адамдар, анын ичинде америкалык мусулмандар да болгонуна токтолуп, азыр аларды эскерүүнүн жакшы учуру экендигин белгиледи.

- Бир айдан кийин биз үрөй учурарлык жана жүрөгүбүздү абдан ооруткан кол салуунун он жылдыгын белгилейбиз. Бул биз жоготкондордун баарын, алардын мурасын алып жүргөн үй-бүлөлөрдү, бул күнү жардам берүүгө ашыккан баатырларды, бул оор он жылдыкта биздин коопсуздугубузду сактоо үчүн кызмат кылгандарды эстей турган учур болот. Бүгүн кечинде бул америкалыктардын диний ишеними жана теги ар түрдүү экенин, арасында намыстуу жана мекенчил мусулман америкалыктар да бар болгонун унутпоо керек.

Барак Обама президенттикке келгенден бери ыйык Рамазан айы учурунда ооз ачыруу жөрөлгөсүн жыл сайын өткөрүп келүүдө. Мындай салт мурдагы президент Жорж Буштун тушунда да болгон.

XS
SM
MD
LG