Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кырдаал менен таанышты


Бул өлкөдөгү кырдаал боюнча жабык жыйында угулган баяндамада айтылган маалыматтарды БУУдагы дипломаттар кооптуу деп мүнөздөшүүдө. Британиянын БУУдагы өкүлү Филип Пархэмдин жыйындан соң кабарчыларга айтканына караганда,
элдик толкундоолрр башталгандан бери Сирияда 2000дей киши мерт болгон, 13 миңдей киши камакта, үч миңдей киши дайынсыз жоголгон, он миңдегендери үй-жайын таштого аргасыз болсо, миңдегендери коңшу Түркияга качкан.

Батыш дипломаттары белгилегендей, эгер Сириядагы режим оппозицияны күч менен басууну токтопосо, Копсуздук кеңеши кошумча чараларды көрөт. Сириянын БУУдагы өкүлү Башар Жафари болсо жогорудагы цифраларды туура эмес деп атады жана мекениндеги окуяларды британ шаарларындагы башаламандыктар менен салыштырды.

Бул аралыкта АКШнын каржы министрлиги Сирияга каршы жаңы санкцияларын жарыялады. Санкциялар Башар Ассаддын режимин колдогон банктарды шал кылууга багытталган. АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райстын билдиргенине караганда, Вашингтон азыр Сирия Ассаддан арылса, жакшыраак өлкө болмок деп эсептейт. АКШнын элчиси белгилегендей, Ассад “легитимдүүлүгүн толугу менен жоготту”.

XS
SM
MD
LG