Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Гумжардам күнүнө карата көргөзмө ачылат


17-августта Бишкектеги Көркөм-өнөр музейинде Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнө арналган фотокөргөзмө ачылат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун балдар фондунан (ЮНИСЕФ) кабарлашты.

“Бизге муктаж болгон жакта болуу” деп аталган бул көргөзмөдө Кыргызстандагы былтыркы июнь окуялары учурунда тартылган, ар кыл гуманитардык агенттиктерден алынган фотосүрөттөр эл назарына сунулат.

Иш-чаранын максаты фотосүрөттөр аркылуу июнь коогасын жөнгө салып, жардамга муктаждарга көмөктөшүү аракеттерин көрсөтүү болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк гуманитардык жардам күнү 2008-жылы белгилене баштаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG