Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Сирия армиясы Хомстогу бир нече шаарга кирди


Сириянын армиясы оппозициячыл күчтөргө каршы операциясын улантууда. Өкмөттүк танктар Хомс чөлкөмүндөгү бир катар шаарларга киргизилгени кабарланууда.

Укук коргоочулардын айтымында, Хула шаарында аскерлер рейд жүргүзүп, бир нече киши камакка алынды. Латакияда да аткылашуулар болуп жатканы маалымдалды.

Кечээ деңиз боюндагы шарчаны өкмөттүк согуш кемелери аткылоого алышкан. Активисттер бери дегенде 27 киши окко учканын ырасташууда.

6 айдан бери президент Башар Ассаддын авторитардык бийлигине каршы көтөрүлүш күч менен басылып келатат. Укук коргоочу топтордун маалыматына ылайык, ошондон бери 1 миң 700дөй киши набыт кетти. АКШ жана Европа биримдигинин санкцияларына карабай, оппозицияга каршы чаралар күчөп жатат. Расмий Дамаск "өкмөт куралдуу бандиттерге каршы күрөш жүрүп жатат" деп ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG