Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Тажикстан Өзбекстанды “айлана чөйрөнү булгап жатат” деп айыптады


Өзбекстан Тажикстанга салыштырмалуу айлана чөйрөнү 18 эсеге көбүрөөк булгап жатат. Мындай маалыматты Тажик өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү “Регнум” маалымат агенттигинде жарыялаган макалада айтышты.

Макалада айтылгандай, Борбор Азия боюнча жалпысынан 7,5 миллион тонна зыяндуу таштанды аймак экологиясына залал келтирип жатса, мунун 28,7 пайызы же 2,152 миллион тоннасы Өзбекстанга туура келет. Ушу тапта Тажикстан үчүн жалпы зыяндуу чыгындылардын 1,6 пайызы туура келет.

Өз кезегинде расмий Ташкен кошунасын экологияга зыян келтирүүдө деп айыптап келет. Өткөн жылы Сурхандарыя жетекчилиги Тажикстан аллюминий заводуна нааразылык билдирип, бир нече ирет митинг өткөрүшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG