Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүлөрүнө арачылык кылган Төртилтик Израилдин Батыш Иорданда жөөт конуштарын кеңейтүү чечимин “Израил-Палестин арасында тынчтыкка жетишүү аракетине тоскоолдук кылат” деп сындады. Евробиримдик, Орусия, АКШ жана Бириккен Улуттар уюму курамындагы Төртилтик чогуу жасаган билдирүүдө Израилдин Ариэл конушунда жана Чыгыш Иерусалимде жаңы үйлөрдү куруу планына тынчсыздануу айтылып, Иерусалимдин келечеги "бир тараптуу аракеттер эмес, сүйлөшүү аркылуу чечилүүгө тийиш" деп белгиленет.
Израил жакын өнөктөшү АКШнын каршылыгына карабастан 15-август күнү Батыш Иорданда 277 жаңы турак-үй куруларын маалымдаган. Палестин жетекчилиги тынчтык сүйлөшүүлөрү башталгандан мурда Израил тарап жаңы турак-жай курууну токтотуш керек деп талап кылууда.