Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Ошто ишкерлер бийликке кайрылуу жолдошту


“Азаттыктын” Оштогу кабарчысынын маалымдашынча, ишкерлер июнь коогасы боюнча абалды эске алып, насыя акчалардын туумун жана үстөк пайыздарын алууну токтото турууну банктардан талап кылууда.

Ошондой эле алар өкмөт берип жаткан 150 миң сом ссуда күрөөсүз берилишин карап чыгуу керектигин айтып жатышат. Көпчүлүк ишкерлердин мүлктөрү банктарда күрөөгө коюлгандыктан ушул тапта алар ссуда алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калабыз деп кабатырланууда.

Коогадан жабыркагандарга июлдун ортосунан тарта 150 миң сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бериле баштаган. Ошто коогада жалпысынан эки миңдей ишкер жабыркаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG