Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жыйынга чогулат


Нью-Йорктогу дипломаттардын айтымында, бүгүн кечинде өтө турган атайын сессияда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай Эл аралык кылмыш сотун президент Башар Ассаддын коопсуздук күчтөрү эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузган-бузбаганын иликтөөгө чакырары күтүлүүдө.

Кеңештин жыйыны алдында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Ассад менен телефон сүйлөшүүсүндө аны аскерий операцияны тезинен токтотууга, ошондой эле ишенимдүү реформаларды сунуш кылууга чакырды. Улуттар уюмунун билдиргенине караганда, Сирия президенти баш катчыга “аскерий жана полиция операциялары токтогондугун” айткан.

Бул аралыкта БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши бүгүн Сириянын демонстранттарды күч менен басуусун келерки дүйшөмбүдөгү жыйынында кароону чечти. Жыйынды өткөрүүнү Кеңештин 24 мүчөсү, анын ичинде төрт араб өлкөсү - Иордания, Кувейт, Сауд Аравия, Катар өтүнгөн.

Адам укугун коргоочулардын жана БУУдагы дипломаттардын эсебинде, Сирияда элдик толкундоо жүрүп жаткан соңку беш айдан ашуун убакыттан бери 2000дей кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG