Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Карачиде кызыл кыргында 39 киши өлтүрүлдү


Пакистан бийликтеринин билдиришинче, шектүү кылмыш топтору шаршемби-бейшемби күндөрү Карачи шаарында 39 кишини өлтүрүп кетти. Карачи полициясынын акими Сауд Мырзанын айтышынча, алардын көпчүлүгүн кыйнап, башына атып өлтүрүлгөн жана денелерин капка салып бууп коюшкан.

Карачидеги эң кубаттуу саясый партия - Муттакида Коому кыймылынын жетекчилеринин бири Реза Арун бийликтеги Пакистан элдик партиясынын айрым мүчөлөрүн кызыл кыргынды уюштурууда деп күнөөлөдү.

Муттакида Коомунун көпчүлүк мүчөлөрү Карачиге 1947-жылы Пакистан өзүн төбөлсүз мамлекет жарыялагандан кийин Индияга көчүп келген урду тилдүү калктардын урпактары.

XS
SM
MD
LG