Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Сирияга каршы санкция киргизүү аракети болууда


Ири Батыш державалары Сирияга каршы санкция киргизүүгө аракеттенишүүдө. Сириядагы массалык нааразылык чыгууларды күч менен басууга байланыштуу Британия, Германия, Франция жана Португалиянын Улуттар Уюмундагы элчилери БУУнун Коопсуздук Кеңеши Дамаскиге каршы жаңы санкция киргизүүсү зарыл дешет. Британиянын БУУдагы чабарманынын орун басары Филип Пархэмдын сөзүнчө, мүмкүн болчу санкция боюнча, Сириянын айрым мартабалуу чиновниктердин мүлкү камакка алынып, өздөрүнүн тыш өлкөгө каттоосуна тыйуу салынышы, ошондой эле өлкөгө курал-жарак сатууга эмбарго жарыяланышы этимал. Кошмо Штаттар мындай чараны колдорун билдирди. Бирок вето укугуна ээ Орусия менен Кытайдын көз карашы белгисиз.

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай айым Сирия өкмөтү адамгерчиликке каршы кылмыш жасаган болушу мүмкүн деп, Эл аралык трибуналдын атайын изилдөөсүн жүргүзүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG