Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Ажылык сапарды уюштурууда алешемдиктер катталууда


Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл акча сунуш кылып, визаны жең ичинен сатып алууга аракет кылган учурлар байкалууда. Мындан тышкары ажы башчы болууну самагандар кайсы бир чиновниктер аркылуу телефон чалдырып, сынактан оңой өтүүнү көздөп, ажылык сапар менен акча таап алууну максат кылып жатышат:

“Бир Абдулла деген киши түштүк регионунда ажыларды Меккеге автобус менен жиберем деп убада берип жаткан экен. Дагы бир киши визалар бар экенин айтыптыр. Дагы бир-эки киши чиновниктер аркылуу телефон чалдырып, бизди конкурстан өткөрүп койсун дешиптир. Ошолордун баарына бөгөт коюп, аларга чара көрүү максатында муфтий Чубак ажы Жалилов Улуттук коопсуздук комитетине кайрылды”,-деди Максат Мамбеталиев.

Быйыл ажылык сапарды уюштуруу үчүн атайын “Ажылык жана умра” деп аталган борбор түзүлгөн. Аны муфтий Чубак ажы Жалилов өзү жетегине алган.

Азыр бул борбор ажылыкка бара турган адамдарды жетектөөчү ажы башчыларын тандап жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, ажы башчылыгы үчүн жалпы 150гө жакын адам талапкерлигин көрсөттү. Бул талапкерлер шарият, тийиштүү эрежелер боюнча сынактан өтүп, алардын ичинен 45-50 чамалуу ажы башчы 22-августта тандалмакчы.

Быйылкы ажылык сапар октябрь айында башталат. Ал үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 4500 орун бөлгөн.

2010-жылкы ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык аракеттер катталып, ал фактылар коомчулукта чоң талкууну жараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG