Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

НАТО: Каддафинин кулашы “убакыттын гана маселеси”


НАТОнун билдиргенине караганда, козголоңчулар Ливия борбору Триполинин басымдуу бөлүгүн ээлеп турган шартта Каддафи режиминин кулашы убакыттын гана маселеси. Түндүк атлантикалык альянстын маалымат катчысы, полковник Роланд Лавуа бүгүн Брюсселдеги басма сөз жыйында кабарчыларга буларды айтты:

-Келгиле бул жерде ачык бололу:Триполиде көтөргөн ызы-чууга карабай, Каддафинин режими бурулуш учурдан өттү жана ылдый кулоодо. Демек биз үчүн бул убакыттын гана маселеси.

Роланд Лавуа НАТО Муаммар Каддафи кайда экендигин билбей турганын кошумчалады. НАТОнун өкүлү жогорудагыдай билдирүүнү ливиялык козголоңчулар Каддафинин резиденциясына чабуул коюп жатканын айткан учурда жасады. Козголоңчулардын айрымдарынын болжолунда, Каддафи Триполидеги Баб ал-Азизия комплексинде жашырынууда.

Бул аралыкта Муаммар Каддафинин кечээ козголоңчулар колго түшүргөнү маалымдалган уулу Саиф ал-Ислам бүгүн эркиндикте экендиги анык болду. Ал Триполиде чет элдик журналисттер токтогон мейманканадан көрүнүп, кармалганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

XS
SM
MD
LG