Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

“Алиппе ТВны” Чүй менен Бишкек сентябрдан тарта көрө баштайт


Бул тууралуу “Алиппе ТВнын” жетекчиси Алмаз Абеков бүгүн каналдын ачылыш аземинде билдирди. Анын айтымында, бул менчик телеканалды Чүй менен Бишкектин тургундары сентябрь айынан тарта 57 канал аркылуу көрө алышат. Ал үчүн баасы 60-100 доллар турган атайын жабдууларды сатып алуу зарыл.

“Алиппе ТВда” мектеп окуучулары үчүн бардык сабактар жана тогуз чет тили окутулат. Атайын жабдуунун жардамы менен окуучу менен экрандагы мугалимдин ортосунда интерактивдүү байланыш түзүлөт.

Бүгүн “Алиппе ТВ” тынчтык сабагы менен ачылды. Ага президент Роза Отунбаева катышканы жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG