Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Каддафи дале коркунучтуу дешет козголоңчулар


Ливиялык адаватчылардын айтышынча, азыр кайда экени белгисиз Муаммар Каддафи али да өлкө жана тыш дүйнө үчүн коркунучтуу бойдон кала берүүдө. Эрегишчилердин Улуттук Убактылуу Кеңешинин төрагасы Мустафа Абдел Жалил НАТОго кайрылып, эрегишчилерди колдоону токтотпоого үндөдү. Ал кайрылууну Катарда ливиялык козголоңчуларды колдогон өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен болгон жолугушууда жасады.

Каддафинин режимин кыйратууда НАТОнун авиасоккусу чоң роль ойногон. Козголоңчулардын командирлеринин билдиришинче, алардын күчтөрү Триполиден 360 чакырым чыгыштагы Каддафинин киндиги кесилген Сирте шаарына жакындоодо.

Хюман Райтс Уоч уюму бүгүн 29-августта билдиришинче, Каддафинин уулдарынын бири жетектеген аскерий бөлүк акыркы жумада Триполидеги кампа жайларда кармалып жаткан ондогон адамдарды өлтүрүүгө жооптуу экени айкын болууда. Хамис Каддафи жетектеген аскерий бригада 23-августта түрмө катары пайдаланып жаткан кампадагы 150дөн ашык туткунду өрттөтүп жибергенин тирүү калгандардын бири Нью-Йоркто жайгашкан адам укугун коргоочу уюмга айтып берген.

XS
SM
MD
LG