Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Падышалык Шотландия банкы Беларустагы ишин токтотту


Адам укугун коргоочу уюмдар сындагандан улам Британиянын ири банктарынын бири-Падышалык Шотландия банкы (( Royal Bank of Scotland (RBS)) Беларустагы ишин токтотту. “Эркин Беларус” жана Британияда жайгашкан Цензуранын индекси уюмдары береги өкмөт колундагы банкты Беларус өкмөтү чыгарган бонддорду жыл башында 800 миллион доллардан ашык суммага сатканын сындаган болчу. Евробиримдик жана АКШ былтыр декабрда Беларуста болгон президенттик шайлоодон кийин оппозициянын Минскидеги нараазылык акциясы айоосуз басылганга байланыштуу президент Лукашенкага жана 200дөй мартабалуу чиновникке каршы санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG