Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Караколдо аба майдан жетекчисин, учкучту УКМК кармап кетти


Ысык-Көлдөгү кабарчыбыздын маалымдашынча, бүгүн эртең менен Каракол шаарындагы аба майдандын жетекчиси менен учкучту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармап кетти. Ага чейин аэропортто майрамга карата балдарды учак менен ары-бери ташып көңүл көтөрүүгө багытталган акция өтүп жаткан. Аба майданда 100дөй адам чогулган. Балдарды 3-4 жолу ары-бери ташыганга үлгүрүшкөн. Маалыматка караганда, УКМК аба майдандын жетекчилери мындай акция өткөрүү үчүн атайын уруксат алган эмес деп кармап кетти. Аба майдандын өкүлдөрү болсо уруксат алынганын айтышууда.

Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Абдувалиев бул акция тууралуу авикомпания мэрияга кайрылганын, каршылык болбогонун, бирок бүгүнкү майрамда борбордук аянтта 5 миңдей адам чогулуп парад өтүп жатканда учактын өтө жапыз учканы элдин коопсуздугуна коркунуч келтирди деп “Азаттыкка” билдирди. Азырынча атайын кызмат бул тууралуу комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG