Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Казакстанда террорчу деп шектелген 18 киши кармалды


Өлкө батышындагы Атырау шаар прокурорунун билдирүүсүнө караганда, алар террордук акт жасоону мерчемдеген деген шек менен кармалышты. Сейфулла Кемалов бүгүнкү басма сөз жыйында мерчемделген террактан чоо-жайын айткан жок. Бирок ушул аптада шаарда террорчу деген шек менен жок кылынган адамдын үйүн тинтүү учурунда жардыруучу зат жасоочу материалдар табылганын, 18 адамды камоого баардык негиздер болгондугун белгиледи. Шаар прокурору кошумчалагандай, кармалгандардын баары Атырау облусунан. Мурдараак ушул шаарда бир жанкечти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кеңсесинин кире беришинде өзүн жардырып жиберген, ошондой эле согушкер деп шектелгендер менен коопсуздук күчтөрү ортосунда атышуу орун алган.

XS
SM
MD
LG