Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Холмирзаевдин өлүмү боюнча иликтөө аяктады


9-августта Базар-Коргондо Орусия жараны Усманжан Холмирзаевдин сабалып, набыт болушу боюнча иликтөө аяктап, 4 укук коргоо кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, кылмыш иши козголгон үч кызматкер Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө, бир кызматкер Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында иштеп келген.

Өлүмгө шектүү делген эки кызматкерге “кыйноо”, “ден-соолукка атайылап залака келтирүү”, “кызматтык укуктардан аша чабуу”, “акча өндүрүү” деген беренелер боюнча, экөөнө “кызматтык укуктардан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Жалал-Абад облустук прокуратурасы төрт кызматкерди толугу менен камакка алуу боюнча өтүнүчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөттү.

Күнөө тагылган кызматкерлер өз пикирлерин билдирише элек. Буга чейин Холмирзаевдин өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, ага ылайык Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү менен Жалал-Абад облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерин иштен алуу сунушталган.

7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Усманжан Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан Холмирзаев үйүнө кечки сегиздер чамасында келип, милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. Соттук медициналык-экспертизанын жыйынтыгында каза болгон адамдын көкүрөк тушундагы сөөктөр сынганын, денесине оор залакат келгени аныкталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG