Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:03

Кытай Кыргызстанга 100 млн. июань бөлөт


Бүгүн президент Роза Отунбаева Кытайдын мамлекеттик кеңешинин биринчи вице-премьер-министри Ли Кэцян менен Үрүмчү шаарында жолугуп, анын жыйынтыгында кол коюлган келишимге ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде 100 миллион июнь (кеминде 700 млн. сом) бөлө турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Каражат так качан берилери ачыкталган жок.

Жолугушууда Ли Кэцян Кытай башчысы Ху Цзиньтаонун атынан президент Роза Отунбаеваны Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгы менен куттуктады.
Эки тарап аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселесин алдыда жогорку деңгээлде талкуулоо зарылчылыгын билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG