Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Түркияга НАТОнун анти-ракеталык системасы жайгашат


Түркияга НАТОнун ракетадан коргонуу системасынын алкагында радарлар жайгаштырылат. Бул боюнча Анкара жана НАТО макулдашып бүткөнүн Түркиянын тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү жар салды.  Билдирүүдө анти-ракеталык калканч “НАТОнун коргонуу потенциалын жана Түркиянын улуттук коргонуу системасын бекемдейт”, - деп айтылат. НАТОго мүчө 28 өлкө былтыркы Лиссабон жыйынында Европанын баллистикалык ракеталардан коргонуу системасын куралы деп макулдашкан.

 

XS
SM
MD
LG