Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Бишкекте ымыркайдын сатылышы боюнча иш сотко өттү


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, июль айында жаңы төрөлгөн ымыркайдын 52 миң сомго сатылышы боюнча иликтөө аяктап, кылмыш иши Бишкек шаардык Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгында Бишкектеги төрөтканалардын биринин кызматкери А. Сейдасанова Б. Исмайылова аттуу кош бойлуу аялды өз үйүндө төрөткөнү, андан атайын тил кат жаздырып алып, баланы сатып ийгени аныкталды. Натыйжада медкызматкер үй камагына алынды. Жагдай боюнча бул кызматкердин пикири белгисиз.

18-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Алай районунун тургуну делген 25 жаштагы аял кайрылган. Ал жаңы төрөлгөн баласын чала тааныган аял алып кетип, бербей жатканы тууралуу арызын таштаган. Натыйжада бул ишке шектүү делип Бишкектеги төрөтканалардын биринин кызматкери, 34 жаштагы аял кармалган. Сатылган ымыркай өз энесине кайтарылып берилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG