Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Роза Отунбаева КМШны чыңдоого чакырды


Президент Роза Отунбаева КМШнын Дүйшөмбүдөгү кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөп, анда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин мындан ары чыңдоого зарылчылык бар экенин белгиледи. Мамлекет башчы КМШ түзүлгөндөн баштап 20 жыл ичинде кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн айтып, бул уюм коңшу мамлекеттер ортосундагы эң башкы сүйлөшүү платформасы экенин билдирди:

“КМШны бекемдешибиз керек, себеби ал биздин мамлекеттер ортосунда достукту жана өз ара пайдалуу кызматашууга түрткү кылган натыйжалуу инструменттердин бири болуп саналат. Биз жаңы багытта иштеш үчүн, бүгүнкү кабыл алынган чечимдер практикада ишке ашуусу зарыл. Эгерде биздин мамлекеттер 2007-жылы кабыл алынган КМШны андан ары өнүктүрүү Концепциясын, реализациялоо боюнча негизги иш-чаралардын планын, 2020-жылга чейин КМШнын экономикасын өнүктүрүү стратегиясын жана башка расмий документтерди жүзөгө ашыра алсак, биз абалды бир топ эле жакшыртабыз”, - деди Роза Отунбаева.

Мындан тышкары президент шериктештикке кирген бардык мамлекеттер коопсуздук маселелери боюнча учурдагы глобалдык чакырууларды жана коркунучтарды башынан өткөрүп жатканын, ошондуктан өлкөдөгү абалды стабилдештирүү, коопсуздук маселелерин жана ар түрдүү чакырууларга жана коркунучтарга биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн КМШнын Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн жыйыны жыйынтыкталып, шериктештикке төрагалык кылуу милдети Түркмөнстанга берилди. КМШнын бүгүнкү мааракелик жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. (KKs)

XS
SM
MD
LG