Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

Иран Түркиянын планына нааразы


Түркиянын өз территориясында НАТОнун радардык системасын жайгаштыруу планын Иран сындады. Радардык система НАТОго мүчө өлкөлөрдү тышкы ракета чабуулдан, анын ичинде Ирандын ракета коркунучунан коргоого тийиш. Өткөн жумада Түркия береги системаны өз жеринде жайгаштырууга макулдук берген. АКШ камсыздаган система жыл соңунда ишке кирет.

Иран өкмөттүк телеканалынын Ирандын коргоо министри Ахмад Валидиге шилтеп билдиришинче, “Тегеран өз кызыкчылыгын бөтөн өлкөлөрдүн тепсөөсүнө чыдабайт”. Валиди ошондой эле “Америка менен Батыштын Ислам өлкөлөрүнө кабатыр салып турганына Иран өкүнөт”, - дейт.

XS
SM
MD
LG