Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Дүйнөлүк банк АКШ экономикасына ишенет


Дүйнөлүк банктын төрагасы Роберт Зелликтин айтышынча, Кошмо Штаттардын экономикасы акырындап өсө берет кейпи. Бирок жумушсуздуктун деңгээли бийик бойдон кала берет. Ага карабай рессецияга кабылбайт, - деген Зеллик мырза Европа экономикасынын абалы АКШныкына караганда бир кыйла татаал экенин белгиледи:

- Мен Кошмо Штаттар жана дүйнө кошкабат рессецияга кабыларына ишенбеймин. Бирок кырдаал өтө эле бүдөмүк болууда. Менин оюмча, АКШнын экономикасы жай өсө берчүдөй болуп турат. Бирок мен жана Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагардер евромейкиндиктеги жагдай дүйнөнүн чар тарабына таасир этерине көңүл бурар элек.

Роберт Зелликтин Сингапурда журналисттерге айтышынча, Европанын карыз кризиси керектөөчүлөр менен инвесторлорду чочулатууда. Ал эми Евромейкиндиктин мүчөлөрү бюджетти көзөмөлдөөнү бошоңдотуп, чыгымдарды өз ара макулдашып жүргүзүүгө баруусу абзел.

XS
SM
MD
LG