Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кветтадагы кош жардыруудан 20дан ашуун киши өлдү


Пакистандын Кветта шаарында болгон кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти Талибан кыймылы өзүнө алды. Жан кечтилер ишке ашырган кол салуудан 20дан ашуун киши набыт кетти. Талиптердин Пакистандагы өкүлү Эхсанулла Эхсан кабар агенттиктеринин бирине телефон чалып, Ал-Кайида мүчөлөрүнүн жакында Кветтада камакка алынышына байланыштуу өч алып жатышканын айтты.

Полициянын маалыматына ылайык, биринчи бомба Кветтадагы чек ара бөлүгүнүн командачы орун басарынын үйүнүн жанында, экинчиси үйдүн ичинде жардырылган. Командачы өзү аман калды, бирок набыт кеткендердин арасында 8 чек арачы бар.

XS
SM
MD
LG