Бүгүн Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү мыйзамга карата президенттин каршы пикирин карайт. Бул тууралуу маалыматты депутаттарга маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев тааныштырат. "Коомдук телерадокорпорациясы жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 9-июнда кабыл алган. Ага ылайык, корпорациянын Байкоочу кеңеши кайра түзүлүп, алар жаңы жетекчи шайлашат. Бул мыйзам президенттин кароосуна жиберилип, президент Роза Отунбаева 17-июндагы маалымат жыйынында Коомдук канал мурда боло жүргөндөй бийликти мактабай, тескерисинче элди жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн иштеши керек деген сөзү менен парламент кабыл алган мыйзамга каршы экенин билдирген.(ZKo)