Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

"Манастагы" базанын башаты жана сапары


Бишкектеги "Манас" аба базасы, 2009-жылдын 12-февралы.
Бишкектеги "Манас" аба базасы, 2009-жылдын 12-февралы.

Он жыл мурдагы ири террордук чабуулдан соң АКШ Ооганстанда антитеррордук операция баштап, Кыргызстанга коалициянын аскерлери жайгаштырылган.

Антитеррордук коалициянын аскердик базасы адегенде Ганси аталса, азыркы кезде Транзиттик борбор деп аталып келатат.

Аскердик базанын жайгашуусунун таржымалы


Нью-Йорктогу терракт, 2001-жылдын 11-сентябры.

2001-жыл 11-сентябрда Нью-Йорк, Вашингтон шаарларындагы масштабдуу террордук чабуулдардан кийин Кошмо Штаттар “ал Каида” уюмунун жетекчиси Усама бин Ладенди табуу же жок кылуу максатын коюп, Ооганстанда антитеррордук операцияны баштаган. Операция башталаар алдында Кошмо Штаттар башында турган эл аралык антитеррордук альянс түзүлүп, ал КМШ мамлекеттеринин да колдоосун алган. Мына ошол колдоонун негизинде 2001-жылдын декабрында "Манас" аба майданына антитеррордук коалициянын аскерлери жайгаштырыла баштаган. Баштап коалицияга кирген 12 өлкөнүн аскерлери, техникалары жайгаштырылган.

2001-жылдагы террордук чабуулдарга чейин Кыргызстан жоочулардан жабыр тартканы маалым. Белгилүү болгондой, 1999-2000-жылдары Өзбекстан ислам кыймылынын куралдуу топтору Баткен облусуна кирип келишкен.

Мына ошол окуяларга байланыштуу жана террорчулукка каршы жалпы дүйнөлүк күрөштү колдо максатында ал кездеги президент Аскар Акаев жана Жогорку Кеңеш антитеррордук коалициянын жайгашуусуна ылдам эле макулдук берген. Ижара акы жөнүндө ал кезде көп сөз да болгон эмес.

"Манас" транзиттик борбору, 2010-жылдын 15-апрели.
2001-жылы Кыргызстанда Жогорку Кенештин экинчи чакырылышындагы депутаттар отурган. Ал депутаттардын катарында болгон Ишенбай Кадырбеков парламенттеги 105 депутаттын дээрлик баары эл аралык антитеррордук коалицияга кол кабыш кылууну колдоп чыкканын эскерет:

- Депутаттардын көпчүлүгү коалициялык күчтөр менен биргеликте террорчуларга каршы чыгууну колдошкон. Негизинен террорчуларга каршы туруу идеясына эч ким каршы чыккан эмес.

Бирок келишимге редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү пикирлери айтылган. Анын себебин Кадырбеков мындайча түшүндүрдү:

- Келишим келгенде биз тараптан чоң каршылык болгон. Эмне үчүн дегенде баарын түшүнүп турсак дагы, бизди эгемендүү мамлекет катары эсептебей, биздин Кыргызстандагы мыйзам тебеленип жатканын көргөндөн кийин каршы чыкканбыз. Редакциялык жагына каршы болгонбуз. А негизинен убактылуу жайгашуусуна макул болгонбуз. Бирок кол тийбестик, каалагандай ишин жасоого биз каршы чыкканбыз. Ошондуктан көп сунуштарды бергенбиз. Бирок өтпөй калган.

Ал кездеги дагы бир депутат, азыр парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу ошондо базанын "Манаска" жайгашуусуна каршы чыкканын эскерет:

- Ошондо бир эле саясатчы эмес, илимпоз катарында, мекенчил катарында каршы пикиримди айтканмын.Эгерде АКШ бул жерге аскери менен келсе эч качан чыкпайт деп. Мына дүйнөлүк практика ушундай. Алар кайсы өлкөдө база ачпасын ал жерден чыкпай коёт. Андан сырткары АКШ жана аны менен кошо келген өлкөлөрдүн жоокерлерине жана офицерлерине дипломатиялык макам берет экенбиз. Каалаган нерсени алып келет экен, каалаган нерсени кылат экен, бирок бир да жоопкерчилик жок экен. Ошондуктан мындай келишимди ратификация кылыш керек эмес деп чыкканбыз. Ошондо 105 депутаттан алты депутат каршы чыкканбыз. Беш коммунист жана бир мен.

Мына ушундай аз каршылык, бирок олуттуу колдоо менен АКШ башында турган аниттеррордук коалициянын аскерлери, техникалары "Манас" аба майданына жайгашып, Ооганстандагы жоокерлерди камсыздоо, алмаштыруу боюнча миссиясын аткара баштаган. Биринчи мезгилдерде база ижара акысы үчүн символикалуу гана түрдө акы төлөп келген. Суммасы эки млн. доллардын тегерегинде экени айтылчу.

Ыңкылаптан кийинки ижара акы үчүн күрөштөр

2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин базага ижара акыны көбөйтүү маселеси көтөрүлүп, 2006-жылы ал кездеги президент Курманбек Бакиев ижара акысы 200 млн. доллардан ашыш керек деген маселени койгон. Ал кезде америкалыктар менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөн Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов буларды эске салды:

"Манас" аба базасы боюнча парламенттеги талкуу, 2009-жылдын 29-июну.
- Биз ижара акыны 20 млн. долларга көтөрдүк. Сүйлөшүү жүргүзүп
жатканда темадан сырткары көптөгөн маселелерди алып чыкканбыз. Биз АКШнын банкы ачылсын дегенбиз. Ал банк 3-5-10-жылдык мөөнөт менен насыяларды бермек эле. Маданият, билим берүү жагында кызматташалы деген көптөгөн-көптөгөн максаттарга жетишип жатканбыз. Мына ушундай жемиштүү сүйлөшүү болуп жатса, экинчи жагынан Бишкекте АКШнын дипломаттарын кармап, аларды өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Ошонун айынан жакшы жүрүп жаткан сүйлөшүү үзүлүп калды.

Ниязовдун айтымында, базага күйүүчү май ташуу боюнча да ошол кезде алгылыктуу келишимдерге жетишилген. Бирок дипломаттарга жасалган чагым баарын тескери кетирген. Буга бакиевчилер өздөрү кызыкдар болгон.

Мына ошол кездеги сүйлөшүүлөр негизинде Кошмо Штаттар ижара акысы үчүн 17 млн. доллар төлөп, жалпысынан Кыргызстанга жылына 60 млн. доллар жардам бере турган болушкан.


Москванын үмүтү акталбай калганда..

Манастагы базанын айланасында жаңы келишпестик 2006-жылы декабрь айында чыккан. Буга базада эмгектенген кыргыз жараны Александр Ивановдун АКШ жоокери тарабынан атып өлтүрүлүшү себеп болгон. Мына ошондон кийин базанын чыгаруу талаптары менен ар кандай акциялар чыга баштаган. Базанын чыгарылышына Орусия кызыкдар болуп жатканы саясат таануучулар тарабынан такай белгиленип келген. Мына ошол божомолдорду тастыктагандай 2009-жылы февраль айында президент Курманбек Бакиев Москвада "Манастагы" АКШнын базасы чыгарылыш керектиги жөнүндө билдирүү жасаган.


Ал билдирүүнүн алдында Москва менен Бишкек ири келишимдерге жетишип, аларга ылайык Орусия Кыргызстанга 150 млн. доллар грант, 300 млн. доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн. Андан сырткары тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга жетишип, Орусия бул долбоорго 1 млрд. 700 млн. доллар насыя бөлө турган болгон.

Бирок Москвадан кайтып келген Курманбек Бакиев базаны чыгаруу боюнча чечимди өзгөртүп жиберген. Натыйжада 2009-жылы июнь айында жаңы келишим түзүлүп, база Транзиттик борбор деп аталып калды. Ижара акы 60 млн. долларга көтөрүлүп, АКШ жалпысынан 200 млн. доллар жардам көрсөтө турган болгон.

Азыркы мезгилде Транзиттик борбор мына ошол келишимдин негизинде "Манаста" жайгашып турат. Азыркы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор боюнча келишим 2014-жылы соңуна чыгат. Мына ошол мезгилде базанын андан аркы тагдыры чечилерин билдирип келатат.

Базанын пайда-зыяны...

Базанын турушунун Кыргызстанга пайда жана зыяны боюнча түрдүү пикирлер бар. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу база Кыргызстанга зыян гана алып келүүдө деген пикирдегилердин бири катары мындай оюн айтты:

-Ушул АКШнын базасы ачылгандан бери Кыргызстанда же ыңкылап бүтпөйт, же төңкөрүштөр бүтпөйт, же кан төгүлүп бүтпөйт. Ошондуктан арам акчанын натыйжасы ушундай болот. Алардын акчасы керек эмес. Кыргызстан бейтарап мамлекет болуш керек. Бир да союзга кошулбаш керек.

Ал эми Мирослав Ниязов базаны чыгаруу-чыгарбоо маселесинде улуттук кызыкчылыгына карап иш кылыш керек дейт:

- Ар бир мамлекеттин түбөлүк досу дагы болбойт, түбөлүк душманы дагы болбойт. Бирок түбөлүк улуттук кызыкчылыгы болот. Ошон үчүн улуттун кызыкчылыгын карап, чечим кабыл алышыбыз керек. Мынабу Ооганстандан бизге, Кыргызстанга коркунуч барбы же жокпу? Мына ушул суроого жооп табышыбыз керек. Коркунуч болсо, анда бул күчтөрдү керек күч деп табышыбыз керек. Эгерде Ооганстандан Кыргызстанга, регионго эч кандай коркунуч жок десек, анда башка жөн. Мен ойлоп атам, Ооганстандан коркунуч бар, дүйнөгө коркунучу бар. Ошол себептен бул база азырынча турганы оң деп эсептеймин.

АКШ азыркы мезгилде жыл сайын ижара акы үчүн 60 млн. доллар
төлөп келет. Ал каражат Улуттук банктагы эсепке которулары айтылат. Айрым депутаттар бул каражат бюджетке киргизилбегинин белгилеп келишет.

Базанын айланасында эң чоң жаңжал күйүүчү майларды ташууга байланыштуу да чыкканы маалым. Азыркы мезгилде күйүүчү майлар мамлекеттик ишкана тарабынан жана АКШнын "Мина корп" компаниясы тарабынан ташылып жатат. Бул тармакта ачыктык орноп, мамлекеттин кызыкчылыгы сакталганы айтылууда. Бирок жарандар эле эмес, депутаттар арасында да Транзиттик борборго май ташууда коррупциялык схемалар дагы эле сакталп калганы тууралуу сөздөр токтобой келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG