Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Жогорку Кеңештин комитети ажылык сапарды уюштуруу маселесин карайт


Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, маданият, маалыматтык жана диний саясат комитети Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу маселесин карайт. Анда Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов жана дин иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчисинин милдетин аткаруучу Табылды Орозалиев баяндама жасашат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашты.

Буга чейин быйылкы ажылык сапарды уюштурууда муфтият өз билемдик саясат жасап жатат деген нааразылыктар жарандык коом тарабынан айтылган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG