Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Отунбаева Кыргызстандын террорчулукка каршы салымын белгиледи


АКШнын аскер базасы, кийинчерээк Транзиттик жүк ташуучу борбордун "Манас" аба майданында жайгаштырылышы дүйнөлүк коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшүнө Кыргызстандын кошкон маанилүү салымы болуп саналат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Роза Отунбаева 11-сентябрдагы Нью-Йорктогу террактылардын 10 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасында айтты. Иш-чара "Манас" аба майданындагы америкалык базада өттү.

Президенттин айтымында, эл аралык террорчулук, диний экстремизм өңдүү глобалдык коркунучтар келбейт деп планетадагы эч бир мамлекет так кесе айта албайт. Мындан 10 жыл мурда АКШдагы террордук чабуулдан үч миңден ашык адам каза болгон. Ошол эле жылы декабрда Ооганстанда "Майтарылгыс эркиндик" операциясын ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн коалициялык күчтөрдүн базасы "Манас" аба майданында ачылган.

XS
SM
MD
LG