Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Жарандык кеңеш соттордун иши боюнча арыздарды чогултат


Сот системасынын ишин көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш соттордун ишине байланыштуу нааразы пикирлерди, арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу бүгүн Коомдук анализ институту маалымдады. Мындай иш учурда Кыргызстанда жүрүп жаткан сот реформасына көмөктөшүү максатын көздөйт. Былтыркы апрель окуясынан кийин бийликке келген өлкө жетекчилиги калыс жана эркин сот системасын калыптандыруу үчүн Сотторду тандоо кеңешин түзгөн. Ал тандаган судьялыкка талапкерлер президенттин, андан кийин парламенттин кароосуна жиберилет.

XS
SM
MD
LG