Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Ысык-Көлдө ВИЧке чалдыккан аялдардын көпчүлүгү кош бойлуулар


Ысык-Көл облусу боюнча СПИДге каршы жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Шаршекан Огоеванын "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, учурда облуста ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 59га жетти. Алардын үчөө балдар, 36сы аял жана 20сы эркек киши. 6 адамдын оорусу СПИД деп аныкталды. Алгачкы жолу көлдүктөрдүн арасынан бул айыккыс дартка кабылган адам 2002-жылы катталган. Андан бери ВИЧ/СПИДден каза тапкандардын саны 7 адамга жетти. Жыл башынан бери жаңыдан катталган 17 адамдын сегизи аялдар. Ал аялдардын басымдуу көпчүлүгү - кош бойлуулар. (MK)

XS
SM
MD
LG